Ошто 18 жаштагы жоокер өзүн-өзү атып каза болду

Ошто күн мурун, 6-декабрда куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам чек арачы каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлайт.

Алдын ала маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын Ош облус боюнча башкармалыгында кызмат өтөп жүргөн 2005-жылы туулган Э.Р. кокусунан АК-74 автоматынан өзүн-өзү атып алган.

Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан жоокер алган жараатынан улам мерт кеткен. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер аскер кызматкеринин каза болгонун тастыкташты.

Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя болгон жерде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

«Мадина» базарынын кожоюну камакта калтырылды. Аны соттон “Тез жардам” алып кетти

admin

«20 жылда бир кайталанат». Бүгүн асмандан планеталардын парадын көрүүгө болот

admin

Акча талап кылган. Интернет-шылуундукка шектелип 19 жаштагы бала кармалды

admin

Комментарий