Ошто 32 жаштагы келин үч эмди жарыкка алып келди

Ош шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген үч эмдин энеси Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу 32 жаштагы Садирали кызы Чолпондон кабар алды.

Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров эне-бала саламаттыгын сураган соң, Ош шаарынын мэриясынын атынан сүйүнчү акчасын берди. Белгилей кетсек, Садирали кызы Чолпон жолдошу Азамат Мусаевдин үй-бүлөсүндө эми 5 баласы бар. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга Али, Айлин, Аманда деген ысымдар берилди.

Related posts

«Жыйынтыкты кабыл алам». Бивол беттеш тууралуу үн катты

admin

Ушул айда кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат?

admin

Баткендеги курулуш иштери боюнча президент жооп берди

admin

Комментарий