Ошто бир үй-бүлө иске ууланды. Беш жашар бала каза болду

Ош шаарында бир үй-бүлө иске ууланды. Беш жашар бала каза болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-февралда тез жардам кызматына Амир-Темир көчөсүнүн 33 жаштагы тургуну беш баласы менен Ош облустук балдар ооруканасына жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок 2020-жылы төрөлгөн бир бала каза болду.

Эне жана башка балдар медициналык мекемеде дарылануусун улантышууда. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, үй-бүлө көмүр кычкыл газына ууланган.

Related posts

Күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү

admin

Кара-Көл шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды

admin

Бишкекте №216 каттамдагы автобус мамыны сүздү

admin

Комментарий