Ошто караоке клубдагы администратор кызды зордуктоого аракет жасалган. Окуя видеого түшүп калды

Ош шаарында кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган 20 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Turmush басылмасына Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү — Чоң-Алай районунун 20 жаштагы тургуну Ш. уулу И. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылымыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал 2024-жылдын 27-январында саат 05:55 чамаларында Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндөгү караоке клубунда башка жарандардын жок экендигинен пайдаланып, жалгыз отурган администратор кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган.

Подозреваемый. Фото УВД города Ош

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ш. уулу И. ушул эле күнү түнкү саат 01:00 чамасында Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү бильярд клубунун эшигин бузуп кирип, кассада турган 22 миң сом акчаны уурдап чыккандагы аныкталды. Андан соң уурдаган акчасына тамактанып, алкоголдук ичимдиктерди ичип, түнкү караоке клубуна кылмыш жасоо үчүн барган», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык соту тарабынан шектүү Ш. уулу И.нин баш коргоо чарасы кечээ, 29-январда каралып, 2 айга камакта калтырылды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан уурдоо жана зордуктоого аракет жасоо беренелери боюнча тергөө жүрүп жатат.

Related posts

КР КК Улуттук гвардиясында окуучулар үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

admin

КР УКМК: Раззаков шаарындагы 226 млн.44 миң сомдук кыш чыгаруучу завод ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

admin

КР УКМК: Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар кармалды

admin

Комментарий