Ошто көмүрдүн  тоннасы 7,5 миң сомго чейин сатылууда

1-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын коллегиясынын 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, вице-мэрлер, шаардык мекеме-ишканалардын, муниципалдык кызматтардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Вице-мэри Сонунбек Жунусбаев калаанын экономика тармактарын жана калкын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу маселесинин алкагында жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын баары жылытуу мезгилине толук даяр экенин, Ош шаарында калктын ыңгайлуулугу үчүн 15 көмүр сатуучу пункттар ачылганын билдирди.

«МАБдар тарабынан шаардын аймагында 15 жерде көмүр саттуу пункттары уюштурулууда. Шаар калкына 22 миң 600 тонна көмүр даярдалыш керек болсо, бүгүнкү күндө 18 миң 750 тонна көмүр даярдалып, 82,9%ды түздү. Учурда көмүрдүн 1 тоннасынын баасы сапатына жараша 6000-7500 сом болууда. Ар бир МАБда 2ден, ал эми Жапалак айыл аймагында 3 көмүр сатуучу пункт ачылды”, — деди вице-мэр.

Алмаз Мамбетов өз кезегинде монополияга каршы кызматка көмүрдүн баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Related posts

Сел түшкөн Бишкек-Ош жолунун 374-чакырымы ачылды

admin

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Абрахматованын компетенциясын карап чыгууну өтүнүп, билдирүү жасады 

admin

Бишкекте «көпөлөк» рейди жүрө баштагандан тарта 1600дөн ашык кыз аныкталган (видео)

admin

Комментарий