Ошто жол куруу үчүн буздурулчу 37 объектиге 67,8 млн. сом компенсация төлөнөт

Бишкек — Ош жолун Ош шаарындагы Т. Турсунбаева көчөсү менен бириктирүүчү 599 метрлик төрт тилкелүү жол курууда буздурула турган кызыл сызыктагы курулуштарга кенемте төлөнөт.

Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Маалыматка ылайык, бузулуучу курулуштардын ээлерине көз карандысыз баалоочулардын корутундусунун негизинде бир жолку материалдык жардам катары 67 миллион 829 миң 772 сом бөлүнөт.

Ош облустук өкүлчүлүктөн жалпы 37 курулуш ээсине кенемте каралганын, анын бешөө коммерциялык жай экенин белгилешти.

Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөрү кошумчаланган.

Related posts

3-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Жалал-Абадда ЖКнын Төрагасынын алдында түзүлгөн гендердик теңчилик боюнча кеңешинин жыйыны өттү 

admin

Чубак ажы Жалилов атындагы Көк-Жаңгактагы ички жолдун ачылыш аземи өттү

admin

Комментарий