Ошто жоокер каза болду

6-декабрда куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен УКМКнын Чек ара кызматынын Ош облусундагы аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, УКМКнын аскер кызматкери 2005-жылы туулган Э.Р. АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерге карабастан, жоокер алган жараатынан улам каза болгон. Окуя болгон жерге барган дарыгерлер аскер кызматкеринин каза болгонун айтышкан.

Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя болгон жерде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Өлкөдө жаз мезгилинде 6 өзгөчө кырдаал, 106 өзгөчө окуя катталды

admin

ТОКТОГУЛДА ЖАҢЫ СТАДИОН АЧЫЛДЫ

admin

УКМК: Суу чарба департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

admin

Комментарий