Оштогу депутаттар мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү демилгелешти

14-ноябрдагы жыйында Ош шаардык кенешинин депутаттары Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү чечишти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттары токтомдор аткарылган жок деген негизди карманып жатышат. Ош мэриясы шаардык кеңештин токтомдорун 95 пайыз аткаргандыгын Ош мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирди. Себептерин түшүндүрүү боюнча мэрдин орун басары Замир Юсупов сөз сураганда берилген жок», — деп айтылат маалыматта.

Учурда жабык добуш берүү болуп жатат.

Related posts

№29 мектептин мурдагы директору кармалды

admin

Чечме булагы Өзбекстанга берилди деген маалымат чынбы? Ташиев жооп берди

admin

21-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

admin

Комментарий