Бийлик телефон алдамчылары менен кантип күрөшөрүн айтты
Абакта жаткандарга телефон киргизген адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Кемел Садыков парламентте билдирди.