Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевге 100 миң сом тапшырды
9-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды. Ал ардагерди Жеңиш күнү менен куттуктап, анын көрсөткөн эрдигине, кайраттуулугуна жана баатырлыгына ыраазычылык билдирди.