Бишкектеги дүкөндө аялды уруп, жатып калганда тепкилеген шектүү кармалды (видео)
Кечээ, 24-апрелде социалдык тармактарда эркек кишинин дүкөндөгү аялды уруп-согуп, жерге жатып калганда тепкилеп жаткан видео тарады. Октябрь РИИБден маалымат беришип, бейбаштыкка шектүү жаран кармалганын билдиришти.