«Манас» аэропортунун жолунда болгон ызы-чуу. Милиция айдоочуларды кармоо жүрүп жатканын билдирди
«Манас» аэропортунун жолун жеңил унаа менен жарышкандар жаап алып, ары-бери каттоого тоскоолдук кылышкан. Окуя болгон жерге жол милициясынын экипаждары келгенде да ээнбаштар баш бербей, каршылык көрсөтүшкөн.