Павел Дуров анын сүйлөшкөн кызы кармалгандан кийин боюнан түшүп калганын айтты

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров өзүнүн каналында сүйлөшкөн кызы Юлия Вавилова баласын жоготконун билдирди. Бул тууралуу Юлия да өз каналында билдирүү жарыялаган.

Дуров Юлиянын кош бойлуу экенин камакта жатканда билгенин айтты. Бирок стресстен улам бала курсагында чарчап калган, түйүлдүктүн жүрөгүнүн согуусу токтоп калганын УЗИ тастыктаган. 

26-августта Франция прокуратурасы анын кармалышы боюнча маалымат тараткан. Андагы маалыматка караганда, кылмыш иши боюнча тергөө 8-июлда башталган. Ишкердин камактагы мөөнөтү 28-августта бүтмөк. Иште 12 айып тагылган. Ал эми Франциянын президенти Эммануэль Макрон Дуровдун кармалышы боюнча биринчи жолу комментарий берип, бул саясий чечим эмес экенин айткан

Related posts

КР УКМК: Ош шаарында адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылгандар кармалды

admin

Тимур Саралаев: “Буга чейин аскердик техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык”

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Аламүдүн районунда ок-дарылар сакталган жай табылды

admin

Комментарий