Педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоо. Катышкан 56 мугалимдин бирөө гана даражаны тастыктады

17-февралда Бишкек жана Ош шаарларында педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоонун экинчи этабы – тестирлөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Тестирлөөгө аттестациялоонун биринчи этабында эксперттик комиссиянын жыйынтыгы менен документтери квалификациялык категорияларга ылайыктуу деп табылган 57 мугалимдин 56сы катышты.

Тестирлөөнүн жыйынтыгында Баткен облусунун Кара-Токой мектеп-гимназиясынын орус тили сабагынын мугалими Нургүл Маманазарова биринчилерден болуп “Экинчи квалификациялык категориядагы мугалим” даражасын тастыктады. Ал эми катышкан калган мугалимдер ар бир бөлүктө 50 пайыздан жогору баа алышты, бирок бул максималдуу упай топтоого жетишсиз.

Ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабына катышуу үчүн республика боюнча 313 мугалим документ тапшырган. Анын ичинен жогорку квалификациялык категорияга – 130 мугалим, биринчи квалификациялык категорияга – 100, экинчи квалификациялык категорияга – 83 арыз берген.

Related posts

Садыр Жапаров Балыкчыда Кызыл Омпол кени тууралуу сөз кылды (сүрөт)

admin

Садыр Жапаровдун Францияга болгон иш сапары аяктап, Сауд Аравияга жөнөп кетти

admin

Парламентте университет, мектептерде сабактардын санын кыскартууну сунушташты

admin

Комментарий