«Пейилиңерден айланам». Бишкектин жолун оңдоп жаткан жумушчуларга тамак жана суусундук алып барышты

«Пейилиңерден айланам. Кыргыз болгонума ушунчалык кубанам». Мындай билдирүүнү Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жарыялады.

«Атын атагысы келбеген инилериме Аллах ыраазы болсун! Ысыктын күнү иштеп жаткан жумушчуларга тамак жана суусундук алып келип таратып беришти. Силердей инилерибиз турганда Кыргыз мамлекетинин келечегине ишенимибиз бекем. Бүгүн 300 порция тамак жана суусундук алып келип таратып берген, шаурма берген бардык инилерден Аллах ыраазы болсун! Тамак-аш жана суусундук бергиси келген досторума эшик ачык. Суусундук берем, шоро алып берем, аш басып барат элек деген достор байланыша бериңиздер. +996553517777 менин байланыш номерим», — деп жазылат билдирүүдө.

Related posts

Ташиев Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуусу боюнча үн катты 

admin

Бишкекте «Ожак Кебап» кафесинин бир бөлүгү бузулууда

admin

Балыкчыда 13 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

admin

Комментарий