PISA-2025: өлкөдө бир ай бою өспүрүмдөрдүн билими, көндүмдөрү изилденет

 Бүгүн Кыргызстанда PISA-2025 ((Programme for International Student Assessment) изилдөөсү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Тестирлөөгө 197 билим берүү уюмунан 15 жаштагы 6700дөн ашуун окуучу катышат. Ал үчүн 14 мобилдик топ түзүлүп, 308 ноутбук даярдалган.

«Тестирлөө 30-апрелде аяктайт. Изилдөөнүн жыйынтыктоочу отчёту 2026-жылдын аягында жарыяланат, ал Кыргызстандагы билим берүү системасынын абалы боюнча кеңири талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

PISA — окуучулардын билимин баалоочу эл аралык программа. Ал окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо өз ордун табууга керектүү болгон көндүмү жана билимин баалоону көздөйт.

Кыргызстан бул программага 2006-жылы жана 2009-жылы катышып, жыйынтыгында окуучулардын билим деңгээли төмөн деп белгиленген.

Related posts

Кытайда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өлкөдө канча баллга чейин сезилди?

admin

Депутат Эльмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиев менен жолукканын айтты

admin

100 миллион сом… УКМК тарабынан 10 салыкчы коррупцияга шектелип кармалды 

admin

Комментарий