Президент Кадамжайдагы кыздын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды

Президент Садыр Жапаров Кадамжайдагы 14 жаштагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча билдирүү калтырды.

“Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин да зээнимди кейитти. Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл. Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам, Кыз Сайкал, Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан. Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз да бекеринен эмес. Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет болууда”, – дейт ал.

Президент Кадамжайдагы мыкаачылыкты баары жектөө керектигин белгиледи.

“Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкечилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылык – кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот”, – деп жазды өлкө башчы.

Эскерте кетсек, Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлүп, окуяга шектүү катары үч жигит кармалган.

Related posts

Экс-депутат Жаныбек Бакчиев камакта калтырылды

admin

УКМК: «Таластагы Жалпы медициналык борбордогу кызматкерлердин эмгек акысын жетекчилик алып жүргөн» 

admin

Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилүүчү жөлөк пулдардын даректүүлүгүн текшерди 

admin

Комментарий