Президент кол койду. Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон берилет

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку каражат бөлүп берүү жөнүндө тескемеге кол койду.

Бул чечимге 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңген Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле жыл сайын белгиленүүчү Жеңиштин 78 жылдыгын эске алуу менен кол коюлган.

2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашайт, алардын ичинен:

12 — Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;

35 — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

9 — Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка жайларда мажбурлап кармалган жашы жете элек туткундары болгон адамдардын ичинен;

12 — 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен, ошондой эле «Блокадалык Ленинграддын жашоочусу» белгиси менен сыйланган адамдар.

Жогорудагы ардагерлердин ар бирине 100 000 сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсациялар (айына 7 000 сом) жана президенттин өмүр бою берилүүчү стипендиясы (айына 10 000 сом) төлөнүп келет.

Related posts

Бишкекте ишке орноштурууну убадалап, жарандардан 1 миллион сомдон ашык акча алган шектүү кармалды

admin

КР УКМК: Баасы 1 млрд. 79 млн сомдук мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 га болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды

admin

Ар бири 200 миң сомдук. Жумгалда беш жылкы уурдаган шектүү кармалды

admin

Комментарий