Президент кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимди ратификациялоону сунуштайт.

2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимге кол коюлуп, ага 302,29 км аралыктагы участоктор кирген.

Related posts

Экс-депутат Жаныбек Бакчиев камакта калтырылды

admin

Байден «коштошуу алдында» Орусиянын мунайын экспорттоону чектеген санкция даярдап жатат

admin

Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болду

admin

Комментарий