Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйындын күн тартибинен тышкары, министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга салык боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
«Бизге дагы 6 ай убакыт берилип жатат. Түшүндүрүү иштерин тагыраак, жалпак тил менен президент өзү түшүндүрүп бергендей жасагыла. ККМ сатып келип, таратып, жөнгө салгыла»,- деди ал.