Президент тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо боюнча жарлыкка кол койду 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону, изилдөөнү камсыз кылууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты — Кыргызстандын эли үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу.

Анда министрлер кабинети караган үч айлык мөөнөттөгү 2023–2027-жылдарга «Көөнө тарых сырлары» тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу тууралуу айтылат.

Төмөнкү милдеттер бекитилген:

тарыхый-маданий мурас объектилерин жана аларды сактоо зоналарын коргоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;

республикалык жана эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилеринин аймагында жаңы музей мекемелерин түзүү;

эл аралык стандарттарга ылайык, археологиялык эстеликтерди реставрациялоо жана музейге коюуну камсыз кылуу менен археологиялык казууларды, изилдөө иштерин жүзөгө ашыруу;

жергиликтүү деңгээлде тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо боюнча иштерди күчөтүү;

тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жана пайдалануу боюнча мекемелердин материалдык-техникалык базасын алардын илимий, методикалык жана кадрдык ишин өркүндөтүү менен жакшыртуу жана өнүктүрүү;

Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын изилдөөнү жана өркүндөтүүнү караган предметтерди бардык деңгээлде билим берүү мекемелеринин окуу программаларына киргизүү;

маданий баалуулуктарды мыйзамсыз казууну, уурдоону, ташып келүүнү жана ташып чыгууну болтурбоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объектилерин издөө үчүн атайын техникалык каражаттарды (металл издегичтер, металл детекторлор, радарлар, магниттик жана башка электрондук приборлор) колдонуу, жүгүртүү эрежелерин жөнгө салуу.

Related posts

Дыйкандарга “Айыл чарбасын каржылоо — 11” долбоору боюнча 190,6 млн сомго насыя берилди

admin

Бишкекте дайынсыз жоголгон Абдиламит Эркинбай уулу изделүүдө

admin

«Сиңдимдин кубанычында чек жок». Нарында президент салып берген үйдүн видеосу

admin

Комментарий