Президент: «Жогорку Кеңеш — эң ачык орган»

15-ноябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, парламенттин 85 жылдык маарекесине карата куттуктоо сөзүн айтты.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы эртең, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин 85 жылдыгы расмий түрдө белгиленерин айтып: «Кыргыз парламентинин тарыхы жалпы кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланышта, канатташ болуп келатканын көрөбүз. Эзелтен эле элибиздеги «Жети өлчөп бир кес» деген принципти тутунган кыргыз парламенти коллегиалдуу орган катары бардык орчундуу маселелерди кеңешип-кесип, эл менен чогуу чечип келет. Бул ата-баба наркын сактап келаткандыгыбызга айдан ачык мисал. Элдик жыйындардын, аксакалдар кеңешинин азыркы заманбап формасы Жогорку Кеңеш десек жаңылышпайбыз. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш – калктын түрдүү катмарынын ар кандай көз караштарын билдирүү үчүн улуттук аянтча десек болот», — деди.

Муну менен катар президент парламентте өткөрүлгөн расмий иш-чараларга 300дөй чамасында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациядан өткөрүүнүн өзү эле коомдогу эң ачык орган экенин тастыктап турарын белгиледи. «Дагы бир жолу баарыңыздарды кыргыз парламентинин – Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз парламенти ар дайым кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына кам көрүп, тагдыр чечер тарыхый вазыйпасын орундатат деп бекем ишенем», — деди.

Related posts

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 42 миң адамга жакындады 

admin

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү жайлары 13-февралга чейин жабык болот

admin

Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн

admin

Комментарий