Президентке кайрылган кыздын үй-бүлөсүнө үй салына баштады 

Социалдык тармактарда буга чейин кичинекей кыздын өз үйүн президентке тааныштырып жаткан видео тараган. Ал бул үй жараксыз болуп 2-3 айдан кийин кулашы мүмкүн экенин айткан эле. Видео Нарындын Ак-Тал айылында тартылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ушул үйдө күн кечирип келе жаткан үй-бүлөнүн улуу кызы менен байланышканбыз. Анын айтымында, видеону тарткан сиңдиси. Үй-бүлөнүн башчысы 2020-жылы пандемия учурунда каза болуп калган. Апасы жалгыз 6 кыз, 1 уулун тарбиялап келет. «Бул үйдү атам тирүү кезинде тургузганбыз. Мал жандыгыбыз жок. Учурда үйдүн абалы кооптуу, качан урап калат билбейбиз. Коркуп жашайбыз. Чатыры да жок, ылай болчу. Катуу жаан же кар жааганда суу кирет. Көк жыттанып турат», — деген ал.

Бүгүн, 4-апрелде редакция кыз менен байланышканыбызда, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен үй салына баштаганын айтты. «Садыр Жапаровдундемилгеси менен үй салына баштады. Кечээ пайдубалын куюш үчүн жерди казышты, ал эми бүгүн цементи келет», — деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн: 9417 3394 4657 9070; О! деньги 0702 117 330

Булак: Сереп Медиа

Related posts

Садыр Жапаров: селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт

admin

ИИМ: Ырыс Жекшеналиевге «Полит Узник» баракчасына жарыялаган маалымат боюнча кылмыш иши козголду

admin

ТИМ: «Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандардын арасында азырынча Кыргызстандын жарандары жок» 

admin

Комментарий