Президенттин маалымат катчысы шылуундар анын атын жамынып жатканын айтты

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов жагымсыз жагдай болгонун жазды.

«Айрым шылуундар менин атыман мамлекеттик органдарга телефон чалып, алар үчүн ар кандай керектүү техника сатылып алынганын айтып, терминал аркылуу бажы төлөмдөрүн төлөөнү талап кылып жатышыптыр. Мындан тышкары, дагы эле менин атыман шылуундар биринчи айым Айгүл Жапарованын иш-чараларын уюштуруу үчүн акча чогултуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Мындан улам, маалымат катчынын милдетине финансылык төлөмдөрдү, каржылык операцияларды жана сатып алууларды жүргүзүү таптакыр кирбестигин дагы бир ирет баса белгилеп айта кетейин. Сак болсоңуздар, мына ушул сыяктуу махинацияларга алданбасаңыздар. Эгерде маалыматтан күмөн санасаңыздар, аны кайра текшерип, тактаңыздар. Же болбосо менден сураңыздар. Өзүңүздөргө жана акча каражаттарыңызга сак болуңуздар», — деп жазды ал.

Related posts

Темир айылындагы селден жабыркагандарга 5 үй курулуп жатат

admin

Жогорку Кеңеште «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүгө багытталган мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды

admin

Эске салабыз! Келе жаткан аптада кыргызстандыктарды узак дем алыш күтүп жатат

admin

Комментарий