Прокурор 700 миң долларды казиного уттуруп жибергенби? Башкы прокуратуранын жообу

Башкы прокуратура тарабынан жасалма документтердин негизинде 1 миллиард 478 миллион рубль акча каражатын чыгарып кетүү фактысы боюнча банк кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ошондой эле, Башкы прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде айыпталуучулардан 20 миллион доллары өндүрүлүп, каражат ээлерине, тактап айтканда орусиялык ишкерлерге кайтарылган.

Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын калган суммасы, тагыраагы 762 500 доллар жума күнү жумуш убактысынын аягында өндүрүлгөн. Банктардын иштөө мөөнөтү бул учурда аяктагандыгына байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүм башчы Р.Абдырасулов кызматтык сейфте убактылуу сактап, банкка өткөрүп берүүгө тийиш болчу.

Бирок апта башында ал 3 күн жумушка чыкпагандыгына байланыштуу, инвентаризация жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, жыйынтыгы боюнча анын кызматтык сейфинде көрсөтүлгөн акчанын жок экендиги аныкталган.

Ал акча каражатын кымырып алган деп шектелип, дароо кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн чаралардын негизинде Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы шектүү катары кармалган. Эртеси анын жакындары 762 500 долларды алып келип, тергөөгө өткөрүп берген.

«Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары оюн-зоок жайларынын кардары боло алышпайт. Ошондуктан прокуратура кызматкери казиного, кумар оюн жайларына барган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени кумар ойноочу жайларга барууга мыйзам тарабынан тыюу салынган, экинчиден мындай ири сумманы Абдырасулов казиного уттурса, анда алар жогоруда айтылган сумманы кайтарып бермек эмес. Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Абдырасулов камакта»,— дешти.

Related posts

Балдарга кол салуудан кийин Дублинде тополоң чыкты

admin

Ленин округунан кайра шайлоо. Беш талапкер катышуу ниетин билдирди 

admin

Жалал-Абадда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды 

admin

Комментарий