«Крокус сити холлго» кол салууну радикал исламчылар жасаган, бирок Орусия буга ким буйрук бергенине кызыкдар. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин кол салуудан кийин көрүлгөн чаралар боюнча жыйында билдирди.
Ал кол салууну коркутуу аракети деп атады. Анын пикиринде, бул «2014-жылдан бери каршы күрөшүп келгендерге» пайдалуу болду.