Райымбек Матраимовдун 7 мүлкү мамлекетке өттү. Алар кайсылар?

 Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

«Р.Матраимов жана анын жакын санаалаштарынын мыйзамсыз жол менен ээ болгон мүлктөрүн мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, төмөндөгү объекттер мамлекеттин менчигине алынды:

— Бишкек шаарындагы Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 5 кабаттуу «Бай-Таш мунарасы» турак жай комплекси, жалпы аянты — 8148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 млн 297 миң долларды түзөт;

— Ош шаарындагы Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын коммерциялык жайлары, жалпы аянты — 5085 чарчы метр, алдын ала баасы 7 млн 627 миң долларды түзөт;

— Ош облусунун Кара-Суу районундагы 3,87 га жер тилкеси бар «БИМИ Ош сервис» бажылык каттоо жери, алдын ала баасы 4 млн долларды түзөт;

— Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79Б дарегинде жайгашкан «Эрем» спорт клубу, жалпы аянты — 538 чарчы метр, болжолдуу баасы — 1 млн доллар;

— Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан кеңсе имараты, жалпы аянты — 700 чарчы метр, болжолдуу баасы — 2 млн 500 миң долларды түзөт;

— Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен «Юни Лаб» бажылык каттоо жери, болжолдуу баасы — 1 млн 286 миң доллар;

— ⁠Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү «Империал» коммерциялык имараты, жалпы аянты — 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 100 миң долларды түзөт.

Учурда Р.Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча иш-чаралар улантылууда», — дейт УКМК.

Related posts

Футбол: Улуттук курама команда Вьетнамды утуп алды

admin

Бакыт Рысбеков: Равшан Жээнбеков айткандай эмес, Жазаларды аткаруу тутумунда катаал кыйноолор каттала элек

admin

Таксиге түшүп, «ыдык көрсөттү» деп «концерт койгон» аялга кандай жаза берилди?

admin

Комментарий