«Реал Мадрид» 15-жолу Чемпиондор Лигасын жеңди

1-июнда түнү Лондондогу «Уэмбли» сталионунда Чемпиондор Лигасынын финалында дортмунддук «Боруссия» менен мадриддик «Реал» беттешти.

74-мүнөттө «падышалык клуб» эсепти ачты. Гол ээси Дани Карвахаль. 83-мүнөттө Винисиус Жуниор эсепти 2:0 кылды. Ошентип, мадриддик «Реал» 15-ирет Европадагы мартабалуу футбол лигасынын чемпиону аталды. «Реалдын» жарым коргоочусу Кроос акыркы жолу клубдук оюнун өткөрдү. Тони Евро-2024төн кийин карьерасын жыйынтыктайт.

Дагы бир легендага айланган немис оюнчусу Марко Ройс кечээ түнү акыркы жолу дортмунддук клуб үчүн ойноду. 12 жыл бою бул клубду «сүйрөгөн» ал кийинки сезонго «Боруссия» менен келишимди узартпай турганы маалымдалган.

Related posts

Бишкекте уурдалган 3 жаштагы кыз. Аны издөөгө 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылган

admin

“Үмүт и Ко” ишканасын негиздөөчүсүнүн үйүнөн ок өтпөс машина, бир нече курал табылды

admin

Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

admin

Комментарий