Рейд жүрүүдө: Кызматтык унааларга жол бошотуп бербеген учурда 10 миң сом айып пул салынат

Акыркы учурлда маягын күйгүзүп бейтап менен бара жаткан Тез жардам унаасына жол бошотуп бербестен, аны менен тең жарышып айдаган унаалар байкалууда. Ошондой эле ИИМдин жана өрт өчүрүүчү кызматтык унаалары шашылыш түрдө үн чыгаруучу, жаркылдоочу каражаттары менен бара жаткан учурда да аларга жол бошотуп бербестен, же артынан ээрчий түшүп, катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулар да кездешүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Ошондуктан, бул кызматтык унаалар ыкчам түрдө жарандардын өмүрүн, ден соолугун сактап калуу, же кылмыш кырсыктардын алдын алуу максатында үн коштоочу, жаркылдоочу каражаттары менен бара жаткан учурда башка катардагы унаалардын жол бошотуп берүүлөрү зарыл экендигин айдоочуларга эскертүү иретинде өлкө аймагында “Маяк” аталышында бир жумалык рейддик иш-чара өтөөрүн алдын ала эскертебиз. Эгерде катардагы айдоочулар бул кызматтык унааларга жол бошотуп бербеген учурларда Укук бузуу кодексинин негизинде 10 миң сом айып пул салынат.

Related posts

«Кыргыз көмүр» ишканасынын директору энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

admin

УКМК: Талас шаарында “Шүкүн” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

admin

Садыр Жапаров: Тышкы карызды төлөөдө эч кандай көйгөй жок

admin

Комментарий