Россельхознадзор Кыргызстандан барган жүгөрүнүн үрөнүнөн ГМО табылганын айтып чыкты 

Россельхознадзор Орусия Федерациясына импорттолуп жаткан продукцияларды көзөмөлдөөдө Кыргызстандан 14,2 тонна (356 кап) көлөмүндөгү жүгөрү үрөндөрүндө ГМО табылган. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында маалымдалды. 

Мындан тышкары, үрөндүк материалдын сорттук жана себүү сапаттарын тастыктаган документтер болгон эмес. Баштыктардагы маркировкада (этикеткада) толук эмес маалымат камтылган.

Бул факт боюнча Россельхознадзор Айыл чарба министрлигине маалымат бергенин, бир аптанын ичинде маселе талкууланарын билдирди.

Related posts

Бишкекте жер титиреди. Соцтармакта көбү жүрөгү оозуна кептеле түшкөнүн жазышууда

admin

Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кармалды

admin

Бишкектеги ЦУМ, «Beren Gold» соода борборлорунда тинтүү учурунлда уюлдук телефондорду контрабандалоонун туруктуу коррупциялык схемасы ачыкталды

admin

Комментарий