Россияда президенттик шайлоо дайындалды

Россиянын Федерация кеңеши кезектеги президенттик шайлоонун так күнүн жарыялады. Шайлоо кийинки жылы 17-мартта өтмөй болду, деп жазды «Интерфакс».

Ал эми Россия парламентинин жогорку палатасынын спикери Валентина Матвиенко Федерация кеңешинин жарыясы менен үгүт иштерин баштоого уруксат берилгенин айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова болсо Россиянын соңку тарыхында алгачкы ирет президенттик шайлоо «уулуу» геосаясий атмосферада өтөрүн белгиледи. Анын айтымында, 8-декабрда БШК президенттик шайлоодо 3 күн добуш берүү жөнүндө токтом долбоорун карайт.

Related posts

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту

admin

Кыргыздын өзгөчө символу. Президент кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады

admin

 Арстан Алай 15-январга чейин камакта калтырылды

admin

Комментарий