Royal Central Park — шаардын жүрөгүндөгү жаңы жашоо мейкиндиги

Кыргызстандагы  Маалымат жана басма сөз күнүнө карата RCA Living компаниясыжурналисттерди майрамы менен куттуктап,  Бишкекте жаңы курулуп баштаган Royal Central Park долбоорунун иши менен тааныштыруу максатында медиа-тур өткөрүштү.

Медиа жолугушуунун алкагында RCA LivingRoyal Central Park долбоорунун курулуш иштери жана иштин жүрүшү менен тааныштырды.  Бул шаарчада курулуш иштери кызуу, тынымсыз жүрүп жаткан экен.

Бишкекте расмий түрдө ишке ашырылып жаткан ири масштабдагы долбоор — Royal Central Park — бул турак жай, билим берүү, кеңсе жана эс алуу зоналарын бириктирген заманбап шаардык комплекс.

«Royal Central Park  келечекте заманбап шаар пейзаждарын ачып, архитектураны искусство деңгээлине көтөргөн кооз көрүнүштөрдү тартуулайт»

Royal Central Park Бишкек үчүн уникалдуу өнүгүү моделин колдонуп жатат – анда негизги артыкчылык транспорттук инфраструктураны жана көрктөндүрүүнү  курулуш баштала электе, эрте бүтүрүү болуп саналат.

Транспорттук инфраструктура:  азыркы тапта жол тармагынын 80% аткарылды, асфальт төшөлдү.
Борбордук парк: даярдыктын деңгээли – 40%, анын ичинде суу пейзажы, башкы аянт, музыкалык фонтан менен сахна жана жөө адамдар үчүн аллеялар камтылган.
Салтанаттуу ачылышы: Бул шаарчадагы борбордук парктын расмий ачылышы 2025-жылдын 26-мартында – бул бүт долбоор үчүн маанилүү этап жана архитектуралык доминанты болот.

2026-жылдагы курулуш планы:

Мунараларды куруу: 2026-жылдын башында башталып, болжол менен 4 гектар аянтты камтыйт.

Технологиялар: Курулуштун өзгөчө сапатын жана долбоорду белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыз кылган алдыңкы курулуш технологиялары колдонулат.

Royal Central Park — Бишкекте атайын техникалык шарттар боюнча 35 кабаттуу имараттарды курууга расмий уруксат алган алгачкы долбоор болуп калды.

Бул документке ылайык, биринчи фаза беш көп кабаттуу, ар бири 35 кабаттан турган турак жай имараттарын курууну камтыйт.

Royal Central Park — эл аралык урбанизмдин Борбор Азиялык рухтагы шедеври

Royal Central Park — Борбор Азиядагы алгачкы мегаполис, ал Кыргызстанга мүнөздүү өзгөчө улуттук өңүттү чагылдырып, суу элементин долбоордун жаныкатары пайдаланат — мындай деңгээлге “баары бир жерде” (All-in-One) форматындагы башка шаарлардын эч бири жете элек.

Royal Central Park — өткөн менен келечекти байланыштырып турган, дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы шаардык шедеврге айланган түбөлүктүү символ болуп калат.

Royal Central Park расмий түрдө долбоордун биринчи жана уникалдуу бөлүгүн — The Essenceаттуу аймагын ишке киргизип жатат.

Essence беш мунарадан турат, алар “Y” тамгасынын формасында курулуп, Royal Central Park философиясын — «Жаратылыш менен гармониядагы шаардык шедевр» — толук чагылдырат.

Бул өзгөчө архитектуралык форма комплекстин бардык аймагында ыңгайлуу микроклимат түзүп, имараттардын туура багытталышы жана фасаддардын дизайны аркылуу күндүн ысыктыгын жана чагылышын азайтат.

Жалпы аймактын көрсөткүчтөрү:

  • Royal Central Park’тын жалпы аянты:53,5 гектар
  • Essence аймагынын аянты: 9,3 гектар
  • Курулуш аянты: 10 981 м²

Соода жана сервистик жайлардын аянты: 26 162 м²

Аймактын масштабы:

  • Мунаралардын саны: 5
  • Кабаттардын саны: 35 кабат
  • Подиумдун кабаттары: 3
  • Жер астындагы деңгээлдер: 2

Royal Central Park — мурас менен жаратылышты бириктирген эл аралык “баары бир жерде” шаары

Комплекстин жалпы аймагынын 71% жашыл зоналарга, суу элементтерине жана коомдук инфраструктурага арналган — бул “жашыл шаар” концепциясын ишке ашырып, жаратылыш менен адамдын гармонияда жашоосунун идеалдуу үлгүсүн түзөт.

Негизги көрсөткүчтөр

  • Жалпы калк жашай турган контингент:59 239 адам
  • Жалпы аянты: 54,47 гектар
  • Курулуш аянты: 109 808 м²
  • Бардык кабаттардын жалпы аянты: 2 093 070 м² (2,1 млн м²)
    • анын ичинен жашоо үчүн аянттар: 1 807 152 м² (1,81 млн м²)
    • алгачкы үч кабаттагы социалдык объекттер: 285 918 м²
    • коммерциялык жайлар: 80 000 м²

Көп баскычтуу билим берүү системасы — билим жаралган жана кыялдар ишке ашкан мейкиндик

Royal Central Park аймагында заманбап жабдылган үч мектеп курулат — аларда окуучу кабинеттер, ачык спорт жана баарлашуу аянттары болот.

Көп профилдүү медициналык клиникалардын тармагы — элдин ден соолугу жана бакубаттыгы үчүн кам көрөт

Бул шаардача курула турган адистештирилген клиникалардын жана комплекстүү медициналык кызматтардын тармагы жашоочуларга ден соолукту жана психологиялык жыргалчылыкты колдоочу сапаттуу жардамга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

А класстагы кеңсе мунаралары — дүйнөлүк корпорациялар үчүн жаңы деңгээл

Royal Central Park курамына А класстагы эки кеңсе мунарасы кирет, алар эл аралык бизнес коомчулугу үчүн атайын долбоорлонгон. Бул кеңселер ири компаниялардын штаб-квартирлерин жайгаштырууга эңылайыктуу шарттарды түзүп, заманбап, шыктандырган жана кадыр-барктуу иш чөйрөсүн камсыздайт.

Көп функционалдуу эс алуу жана көңүл ачуучу инфраструктура

Бул шаарчада эл аралык соода борбору, беш жылдыздуу мейманкана, фитнес-зал, SPA-комплекс, йога студиялары жана бассейн — булардын ар бири жашоочулардын жашоо сапатын жогорулатып, күн сайын толук кандуу, динамикалуу жана люкс жашоо образын сунуштайт.

Related posts

Кичи-Кемин айылында сейил бак ачылды

admin

Анкарадагы терактта жабыркагандарын арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

admin

Камчыбек Ташиев шайлоо боюнча: «Добуш сатып албагыла»

admin

Комментарий