Садыр Жапаров Америкада БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер менен жолугушту. Жолугушуу 18-сентябрда Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларынын алкагында болгонун басма сөз кызматы билдирди.

Анда Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтык жөнүндө пикир алмашуу болуп, Кыргыз Республикасынын реформаларын колдоого жана анын эл аралык демилгелерин практика жүзүндө ишке ашырууга тиешелүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында колдоо программасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Садыр Жапаров 2023-жылы 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү боюнча күн тартибин ишке ашырууга бөлүнгөн убакыттын жарымы соңуна чыга турганын айтты.

С.Жапаров белгилегендей, туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу өлкөнүн стратегиялык программаларынын бир бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле айыл чарба, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, туризм, билим берүү, транспорт жана санариптештирүү тармактарында кызматташууну тереңдетүүнү сунуштады.

Тактап айтканда мамлекет башчысы үч өлкөнүн ири долбоорун — Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну белгиледи. Ал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан ишке ашырылып жатат. Бул долбоор бардык эл аралык инвесторлор үчүн ачык.

Мындан башка, кыргыз тарап экологиялык жана жашыл долбоорлорду ишке ашырууда БУУнун Өнүктүрүү Программасынын жардамына, ошондой эле парник газдарынын чыгындыларын азайтуу максаттарына жетүү үчүн колдоо көрсөтүүсүнө таянат.

Президент Садыр Жапаров Аким Штайнердин көңүлүн тоо мөңгүлөрүнүн интенсивдүү эришине алып келген климаттын глобалдык өзгөрүшүнө байланышкан кырдаалга бурду. Тоолуу өлкөлөрдүн проблемалары жана чакырыктары тоолуу өлкөлөрдүн гана көйгөйү болбошу керек, тоо проблемаларын чечүү боюнча жалпы күч-аракеттер дүйнөлүк коомчулукта бир жерге топтолушу керек.

Өз кезегинде Аким Штайнер мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаров тарабынан өлкөнүн экономикасынын маанилүү тармактарына көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Штайнер туруктуу өнүктүрүү боюнча рейтингде өлкөнүн позициясы канчалык өсүп жатканын эске алуу менен Кыргызстанда башка мамлекеттер үйрөнө турган нерселер бар экенин баса белгиледи.

Ал өз тарабынан Кыргызстандын мурда кызматташуунун алкагында аныкталган артыкчылыктуу багыттарында жакынкы арада иштеп баштоого даяр экендигине ишендирди. Ошондой эле санариптештирүү жана «жашыл экономика» маселелери боюнча Кыргызстан менен кызматташтыкты арттырууну сунуштады.

Related posts

Кубанычтуу кабар! Кичинекей Аруузатка көптөн күткөн Золгенсма уколу жасалды

admin

Чүйдө мас киши үйгө кирип, аялга бычак сайган. Шектүү кармалды

admin

Ташиев: «Матраимовдун моюнуна 200 миллион доллар «илинген»

admin

Комментарий