Садыр Жапаров: Ар бир кыргызстандык өз жеринде кор болбой, жакшы жашашын камсыздайбыз

«Элдин курсагы ток болсун, кийими бүтүн, жашаган жери жайлуу, татынакай, таптаза болсо экен»,- деп биз ушундай мамлекеттик артыкчылыктарга басым жасап жатабыз», — деп кошумчалады мамлекет башчысы.

 Жапаровдун айтымында, ал үчүн өкмөт айлыктарды, пенсия-жөлөкпулдарды көтөрүп жатат. Аларга эле быйыл ондогон млрд кошумча каражаттар жумшалган.

Тактап айтканда:

1-январдан социалдык жөлөкпулдар;

1-апрелден социалдык тармактын: билим берүү, медицина, маданият  кызматкерлеринин айлыктары;  

1-июндан тартып кайрадан социалдык жөлөкпулдар көтөрүлдү.

«Эми 1-августтан тартып калган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрөбүз. Бул үчүн 10 млрд сомго жакын каражат керектелет. Былтыртан бери күч түзүмдөрүнүн айлыктарын көтөрдүк», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Анын айтымында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Прокуратура, Чек ара жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтарынын, Соттук-экспертиза ж.б. баарын көтөрүп, айлыктарын теңелди.

«Үйдө тынч болсо,  туруктуу киреше болсо, элибиз келечекке үмүт артып жашаса дейбиз. Мамлекет баарына камкор» принцибинде баратканын белгилейм. Адам башына эсептелген орточо киреше көбүрөөк болушу керек», — деп эсептейт президент.

Ошондой эле ал, Улуттук статкомитеттин маалыматынын негизинде, жалпы республика боюнча 2021-жылы айына 6 647 сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 18,2% га өскөнүн белгиледи.

«Быйыл айлыктардын баары көтөрүлдү, мындан 2 эсеге жогору болот деп ойлойм. Мунун баары элдин кирешесинин көбөйүп бараткандыгын тастыктайт. Эгерде дүйнөдөгү абал курчубаганда, ушул кирешелерди жеп кетип жаткан инфляция да аз болмок, элдин көтөрүлгөн айлыктары үй-бүлө кирешесинде азыркыдан да жакшы сезилерлик болмок», — деди Жапаров.

Related posts

15-январдан тартып Бишкекте жол кире 20 сом болгону жатат

admin

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда кооптуу таштар кулатылат

admin

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Олимпиадага жолдомо ута алган жок

admin

Комментарий