Садыр Жапаров: “Аскар Акаевди пенсия, күзөт жана башкалар кызыктырбайт деп ойлойм”

Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусун калыбына келтирүү үчүн Жогорку Кеңешке тиешелүү кат менен кайрылганы маалым болду. Ал арада коомчулук бул маселени катуу талкууга алып, ар кандай пикирлер айтылып жаткандыктан «Кабар» агенттиги президент Садыр Жапаровго суроо узатып, пикирин укту.

— Аскар Акаевге кокус Жогорку Кеңеш суранган макамын кайтарып берсе, бул мамлекеттик бюджетке кошумча чыгымдарды алып келбейби? Турак жай, күзөт, пенсия жана башка нерселер кепилденет эмеспи.

— Менин оюмча Аскар Акаев тарыхта экс болуп атым калсын деген ой менен арыз берди окшойт.

Аскар Акаев 80 жашка чыкты. Өсөөрү калган жок, өлөрү калды дейт эмеспи. Ал кишини пенсия, күзөт жана башкалар кызыктырбайт го деп ойлойм. Азыр деле күзөтсүз эле ээн эркин жүрбөйбү.

Булак: Сереп kg

Related posts

ЕАЭБ өлкөлөрү кыргыз быштагы менен сырын көп сатып алышууда

admin

КР УКМК: Жалпы аянты 1,1227 га болгон минералдык булагы жана чектеш аймагы бар «Ысык-Суу» дарылоо-ден соолукту чыңдоо пункту мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

УКМК өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас деп тааныштырган алдамчыны кармады — ВИДЕО

admin

Комментарий