Садыр Жапаров Аспеков боюнча: «Үрүп чыккан» анча-мынча «иттерге» көңүл бурбай, иштей беришим керек»

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин берип, Мелис Аспековдун видео кайрылуулары боюнча комментарий берди.

«Жооп да бербейм, көңүл да бурбайм дегем. Ар бир “үрүп чыккан иттерге” көңүл бура берсең, жетчү жериңе жетпей каласың. Мамлекеттин иши менен алек болбой эле ар бир аферистке жооп берип олтурсам, анда кантип мамлекетти саздан сууруп чыгам? Ошондуктан жолумдан “үрүп чыккан” анча-мынча “иттерге” көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштей беришим керек. Жыйынтыгына эл жана тарых баа берет.

Элдин баарына 100 пайыз жакпайсың. Анча мынча терс сүйлөгөн адамдар сөзсүз болот. Жакшы иштерди көрүп турса да көргүсү келбегендер бар. Эң негизгиси көпчүлүк эл колдоп турса болду. Көздөгөн максатыбызга жетебиз. Дүйнө жүзү боюнча 30 өнүккөн өлкөнүн катарына кошулабыз», — деди ал.

Related posts

Аскарбек Жаныбеков: Жыл башынан бери дыйкандарга 2,5 млрд сомго техника лизингге берилди

admin

19-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

13-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий