Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан) иш сапары менен барды. Мамлекет башчынын борту Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортуна конду.

Президентти Казакстандын премьер-министринин орун басары Алтай Кульгиновтосуп алды. Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров «Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда» темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Форум Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.

Related posts

УКМК тарабынан эл аралык героин каналы табылып, 175 кг,  600 млн. сомдук баңгизат алынды

admin

Бишкекте бычакталган жигит ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды

admin

Мектепте акча чогулткандарга 20 миң сом айып салуу сунушталууда 

admin

Комментарий