Садыр Жапаров: «Аю» компаниясынын спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат» 

Учурда соцтармакта айрым блогерлер белгилүү “Аю” компаниясы “кустуруу” кампаниясынын курмандыгы болду дешүүдө. Аталган компанияны ар кандай шылтоо менен ири суммада акча “кустурушкан” жана анын кесепетинде “Аю” мурдагыдай күпүлдөп иштебей калышына бийликти айыпташууда». Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

“Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. «Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек» деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат», — деди ал.

Related posts

Кыргызстанга Казакстан Мажилисинин төрагасы расмий сапар менен келди

admin

Садыр Жапаров Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата кайрылуу жасады

admin

Лейлекте «Кайрагач» чек ара заставасынын ачылыш аземи өттү

admin

Комментарий