Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилүүчү жөлөк пулдардын даректүүлүгүн текшерди 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде күтүүсүздөн барып, «Социалдык контракт» программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилүүчү жөлөк пулдардын даректүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Мамлекет башчысы Чүй облусундагы бир катар үй-бүлөлөрдү кыдырып, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын кандай пайдаланылып жатканынан жеке өзү кабар алды. Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда каражат даректерине толук жетип жатабы, алар чындап эле чакан ишкерликке багытталуудабы — мына ушуларды сурап, каражат алган үй-бүлөлөр бул программанын алкагында иш жүзүндө кандай пайда көрүп жатканына кызыкты. Жергиликтүү тургундар бул каражатка негизинен тигүүчү машиналарды жана мал сатып алып, ай сайын киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын айтып беришти. Ошентип, алар өз аймагында чакан бизнес ачып, үй-бүлөсү үчүн киреше алуучу булак жаралганын белгилешти.

“Социалдык контракт” долбоору президенттин демилгеси менен ишке ашырылууда. Ага ылайык, аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат кайтарымсыз берилет. Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каржылык сабаттуулукка үйрөтүп, бизнес-план түзүүгө жардам берип, узак мөөнөттүү бизнести ийгиликтүү жүргүзүү боюнча кеңештер берилет.

Related posts

Садыр Жапаров: «Кемпир-Абадды 70 жылдан бери Өзбекстан башкарып келген, эми чогуу башкарабыз» 

admin

УКМКнын кызматкери ок атуу боюнча мелдеште байгелүү орунга ээ болду

admin

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жаан, кар жаашы күтүлөт

admin

Комментарий