Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болот

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Мамлекет башчысы бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышат, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Related posts

Кара-Балтада 600 миң сому уурдалган кемпирге акчасы толук кайтарылды

admin

Мигранттарды Европага мыйзамсыз ташуу менен алектенген чет элдик жаран кармалды

admin

КР УКМК: Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жер комиссиясынын мүчөлөрү кармалды

admin

Комментарий