Садыр Жапаров балбан кыздарды жеңиштери менен куттуктады 

Кыздарыбыз да мыкты, күйөрмандарынын купулуна толгон күрөш көрсөттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугунда өзүнүн эң мыктылыгын бешинчи ирет жеңүүчү болуп далилдеди. Күмүш алган Айпери Медет кызын, коло медаль алган Калмира Билимбекованы чоң спорттогу бул ийгиликтери менен куттуктайм! Сиздер бүгүнкү күндүн Жаңыл мырзасысыздар. Силерге карап миңдеген сиңдилериңер спортко кызыгып, максат коё билүүнү үйрөнөт.

Албетте, Мээрим Жуманазарова баш болгон башка балбан кыздарыбыз багынта турган жеңиштер алдыда. Андыктан алар машыгууларына жаңы дем күч менен кайтып келет деп ишенебиз. Учурдан пайдаланып спортчуларыбыздын машыктыруучулар курамына да ыраазычылык билдирем. Ошону менен катар эртең килемге чыга турган эркин күрөш боюнча балбандарыбызга ийгилик каалайм», — деди ал.

Related posts

Ташиев: Коррупционерлерди түрмөгө тыгып, бандиттердин жанын сууруп алабыз» 

admin

Нурланбек Шакиев: “Жогорку Кеңеш өлкөнү жаңы багытта өнүктүрүүгө өз салымын кошо берет”

admin

Нарында эки жаран террористтик жана диний-экстремисттик уюмдан баш тартты 

admin

Комментарий