Садыр Жапаров Балыкчыда Кызыл Омпол кени тууралуу сөз кылды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров кечээ, 19-февралда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Балыкчы шаарынын, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун активисттери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Жолугушуу жүрүшүндө мамлекет башчысы иш-чарага келгендерге өлкөдөгү акыркы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр, алдыда аткарыла турган келечектүү инвестициялык долбоорлор туурасында айтып берди. Анын ичинде аталган аймакка чектеш орун алган Кызыл Омпол кен жайын иштетүү планы боюнча да талкуу жүрдү. Тургундарга тийиштүү маалымат берилип, алардын суроолоруна эксперттер жана мамлекет башчысы жооп берди.

Ошондой эле, жыйындын катышуучулары мамлекеттин жарандарды турак-жай менен камсыздоо программасы, коррупция менен күрөшүү, коомдук транспорт менен камсыздоо, жөлөк пул жана дарыгерлер менен мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү, инфраструктуралык объектилерди куруу өңдүү социалдык маселелерди көтөрүштү.

Related posts

Чүйдө көлмөгө 11 жаштагы бала чөгүп кетти

admin

Депутат Ташиев 5 миллион сом жумшап, Сузакта машыгуучу зал ачылды

admin

Садыр Жапаров: «Аю» компаниясынын спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат» 

admin

Комментарий