Садыр Жапаров баштаган жетекчилер Аксы, Апрель окуяларын эскерди 

Президент Садыр Жапаров жана мамлекеттик бийлик бутактарынын башка жетекчилери Аксы, Апрель окуяларын эскерип, «Ала-Тоо» аянтындагы монументке гүл койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышкан.

Аксыдагы алты адамдын өмүрүн алып кеткен саясий окуядан бери 21 жыл өттү. Ал эми Курманбек Бакиевдин бийлигин кетирип, өлкөгө адилеттүүлүк орнотуу үчүн чыккан толкундоодо атылган октон  87 адам каза болгон.

7-апрелдеги трагедияга 13 жыл болду. Аянтта ок жеп каза тапкандардан сырткары 36 адам алган жаракатынан улам көз жумган.


Related posts

Алтынбек Эргешов: “Жетим-Тоо» — бул элдин байлыгы. Аны иштетүү боюнча эч кандай сөз жок”

admin

Бишкекти каптаган кара түтүн кайтып келеби? Бакыт Төрөбаевдин жообу

admin

Бишкекте жаңы №101 автобус каттамы ишке кирди

admin

Комментарий