Садыр Жапаров «Бир Планета Саммитине» катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэль Макрондун чакыруусу менен 9-11-ноябрда Париж тынчтык форумунун алкагындагы «Бир Планета Саммитине» катышуу үчүн Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэль Макрон, ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Башкы катчысы Матиас Корман, Франциянын энергетика тармагындагы «Électricité de France» жана «Total» компанияларынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылууда», — деди Муратбек Азымбакиев.

Related posts

КР УКМК: Ош облусунда Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды.

admin

Кытай менен Кыргызстандын чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду 

admin

Депутат Эрулан Кокулов медиктерден кечирим сурады

admin

Комментарий