Садыр Жапаров Душанбеде Эмомали Рахмон менен жолукту. Эмне сөз болду

Жапаров Тажикстанга Борбор Азия мамлекет башчыларынын V консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барган.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон Душанбе шаарында жолукту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы алардын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жана башка маселелерди талкуулагандыгын билдирди.

«Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты», — деп айтылган маалыматта.

Алар регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги суроолор, Борбор Азия мамлекет башчыларынын боло турган V консультативдик жолугушуусу туурасында пикир алмашкан.

«С.Жапаров менен Э.Рахмон эки мамлекеттин жана элдердин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу баарлашууга даяр экендиктерин билдиришти», — деп айтылган бүгүнкү таратылган маалыматта.

Эске салсак, Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын V консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстанга барган.

Related posts

23-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

admin

Кытайда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өлкөдө канча баллга чейин сезилди?

admin

Ташиев – каралардын, коррупционер уурулардын элдешкис душманы

admin

Комментарий