Садыр Жапаров: Эң башкы байлыгыбыз – эгемен мамлекетибиз, эгемен элибиз. Мындан өткөн байлык да, бакыт да жок!

“Кыргыз эли улуттук руху менен күчтүү. Биз – ириде тарыхы бай, эне тили көркөм, деми күчтүү, нарк билги, эркиндикти туу туткан эгемендүү элбиз”, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү боюнча салтанаттуу аземдеги куттуктоо сөзүндө.  

«Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Алыс-жакында жүрсө дагы жүрөгү Ата Мекен, Ата Журт, Ата Конуш деп соккон урматтуу мекендештер! Ырыстуу кыргыз калкыбыздын көз карандысыздык майрамына ортоктош болуп жаткан кадырлуу меймандар!
Сиздерди ата-бабаларыбыздын кыялы, элибиздин эңсеп жеткен бактысы болгон, эгемендүү Кыргыз мамлекети түзүлгөндүгүн дүйнө жүзүнө жар салган улуттун улуу күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Биздин эң башкы байлыгыбыз – эгемен мамлекетибиз, эгемен элибиз. Мындан өткөн байлык да, бакыт да жок!», — деди президент.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан быйыл бул майрамды берекелүү Сары-Өзөн – Чүй өрөөнүндөгү кереметтүү Чуңкурчак жайлоосунда салтанаттуу белгилеп, 31 метрлик тууну тоо башына көкөлөтүп жатат.

«Кызыл туубуз кылымдарды карыткан тарыхта дагы, азыркы жашап жаткан заманыбызда дагы биримдиктин, ынтымактын тиреги болуп келди.Кыргызда ар дайым ийгиликке, жеңишке жетишкенде туусун бийик көтөрүп, ага таазим кылып келген. Байрагыбыз бийик желбиреп турса, элибиздин Мекенге болгон сүйүү жана атуулдук сезими артылат. Себеби атуулдук ариетибиз да, ар-намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турат. Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда, бүгүнкүдөй чоң салтанаттын коштоосунда өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт», — деди Садыр Жапаров.

Related posts

Ошто караоке клубдагы администратор кызды зордуктоого аракет жасалган. Окуя видеого түшүп калды

admin

Бишкек мэриясында Ататүрк паркы маселеси боюнча жыйын өттү

admin

Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

admin

Комментарий