Садыр Жапаров Элдик Курултайды өткөрүүгө даярдык көрүү тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-октябрда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиевди жана Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө быйылкы жылы өтө турган Элдик Курултайды уюштуруу боюнча маселелер талкууланды. Мамлекет башчысынын чечими боюнча түзүлгөн уюштуруу комитети календардык планды, иш-чаралар планын жана жер-жерлерде жооптуу жетекчилерди окутуу графигин бекиткени белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында президент кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө кабыл алынган Жарлыкка ылайык өз убагында тиешелүү сапаттуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Related posts

Садыр Жапаров: «Мамлекеттик ипотека менен бардык катмарды камсыз кылганга аракеттерди баштадык»

admin

Ташиев: «Баңгизат сатып, колдонгондорго аёсуз күрөш жарыялайбыз»

admin

Кадамжай-Тамаша жолу селден улам жабылганы кабарланууда. Видео

admin

Комментарий