Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына жөнөп кетти.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков.

Related posts

ЕАЭБге мучө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда азык-түлүк арзан — СТАТИСТИКА

admin

Балбак Түлөбаев Алымкадыр Бейшеналиевге нааразы болду

admin

«Тазалыктын» директору Рамиз Алиев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

admin

Комментарий