Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров.

Related posts

Садыр Жапаров «Дордой» базарына барды

admin

Бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү

admin

Бишкекте энесин сабап жаткан киши жардамга барган милиционерди кошо токмоктоду

admin

Комментарий