Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кечинде президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;

— Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

Related posts

Лукашенко унаасы от албаганы үчүн жыйынга кечигип кала жаздады

admin

Шашылыш билдирүү: Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

admin

Бишкектеги “Азиз” базарынын жетекчиси да соодагерлерге ижара акысын азайтканын айтты – ВИДЕО

admin

Комментарий